Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Адвокат: Савченконун саламаттыгы начарлоодо


Кечээ кургак ачкачылыгын токтоткон Надежда Савченконун абалы оор экенин адвокаты Николай Полозов бүгүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, бир канча күндүк кургак ачкачылык Савченконун саламаттыгына залака келтирген, эми аны тез арада медициналык текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Адвокат Савченко орус дарыгерлерин өзүнө жакын жуутпай жатканын, Ростовго келген украин дарыгерлери абакка киришине орус тарап уруксат бербей жатканын кошумчалады. Украин тарап кайрылган Германия дарыгерлери качан келери белгисиз.

Орусия абагында жаткан украин учкучу Надежда Савченко 10-мартта бир жума мурда жарыялаган кургак ачкачылыгын токтоткон.

9-мартта акыркы сөзүн айткан Савченко соттон өкүмдү тез арада чыгарууну сурап, эгер өкүм угузуу бир жумадан ашык убакытка белгиленсе, кургак ачкачылыгын уланта берерин айткан. Бирок сот өкүм угузууну 12 күндөн кийин, 21-22-мартка белгилеген.

Савченко 2014-жылдын июлунда, Украина чыгышындагы урушту чагылдырып жүргөн орусиялык эки журналисттин өлүмүнө алып келген минометтук аткылоонун координаттарын түздөп турган деп айыпталууда. Мамлекеттик айыптоо ага адам өмүрүнө кол салуу жана Орусия чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча расмий айып тагып, соттон аны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Савченко өзү Украинада орусиячыл жикчилер тарабынан кармалып, Орусияга күчтөп өткөрүлгөнүн айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG