Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Сот Келдибековдун моюнуна 10 миллион сом илди


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча аны жарым-жартылай айыптуу деп тапты.

Сот мурдагы спикерди мамлекеттин пайдасына 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирди. Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров өкүмдө анын актыгын ырастаган бир топ күбөлөрдүн мыйзамдуу көрсөтмөлөрү жана тиешелүү далилдер эске алынган жок деп сотко нааразы болду.

Акыркы сөздө айтылган жагдай

Бишкек шаардык соту 11-март күнү парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго коюлган айыптоолор боюнча ишти апелляциялык негизде карады. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков салык кызматын жана парламентти жетектеген кезде кетирген кемчиликтери боюнча коюлган айыптоолор тергөөдө далилденгенин айтып, аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

Сотто соңку сөзүн айткан Акматбек Келдибеков бул кылмыш иши аны саясаттан сүрүп чыгаруу үчүн атайын токулганын айтып, соттон мыйзам чегинде чечим чыгарууну өтүндү:

- Эгерде мага коюлган айыптоолордун негизинде кимдир бирөө бир тыйын уурдап, мамлекетке зыян келтирилген болсо, мен жазамды тартканга даярмын деп мурдатан бери эле сотто айтып келе жатам. Биз адвокаттар менен биргеликте мага коюлган айыптоолордун ар бир пункту, ар бир сөзү боюнча тиешелүү кагаздар менен укуктук ченемдердин негизинде мамлекетке бир тыйын зыян келбегенин далилдеп бердик. Ошондуктан сот мыйзам негизинде чечим кабыл алып, туура тыянак чыгарат деген ишенимдемин.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Биринчи иш боюнча Келдибековдун төрагалыгы учурунда парламенттин Москвадагы өкүлчүлүгү мыйзамсыз ачылган деген айып коюлган. Бирок сотто өкүлчүлүктү ачууну депутат Талант Мамытов сунуштап, аны кароону депутат Феликс Кулов жыйынга алып чыкканы айтылды.

Адвокаттардын бири Татьяна Чильникина чечим парламентте жамааттык негизде кабыл алынганын айткан болчу. Ал Келдибеков салык кызматын жетектеген кездеги “Бизнес партнер” ишканасын түзүүгө байланыштуу иш боюнча дагы коюлган айыптоо негизсиз экенин көрсөткөн.

3 миллион сомдук айып пул 10 миллион болду

Бирок мамлекеттик айыптоо бул эки кылмыш эпизоду боюнча бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген деп эсептейт. Бишкек шаардык сотунун коллегиясы өзүнүн чыгарган өкүмүндө бул эки иш боюнча Келдибековду жарым-жартылай айыптуу деп тапты. Сотко төрайымдык кылган судья Ирина Воронцова экс-спикерге жаза чарасы катары 10 миллион сом өлчөмүндө айып салуу өкүмүн окуду:

- Келдибековдун мурда соттолбогону жана анын кынтыксыз жүрүм-туруму үчүн сот ага айып пул салуу түрүндө жаза чарасын чегерүүнү ылайык тапты. Буга чейин өкүмдө баяндалган жагдайларды эске алуу менен Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 59-берененин негизинде акыркы жазаны мамлекеттин пайдасына 100 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу чечимин чыгарды. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөрүүсүз калсын.

Үч жылга созулган кылмыш иши

2013-жылы Акматбек Келдибеков салык кызматын, соцфондду жана парламентти жетектеп турган кезинде үч эпизод боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. 2015-жылы Биринчи Май райондук соту Келдибековдун социалдык фонд менен салык тармагын жетектеген кезиндеги ишмердигинде коррупциянын курамы жок деп актоо өкүмүн чыгарган. Бирок парламент төрагасы учурунда Москвада мыйзамсыз өкүлчүлүк ачып, кызмат абалынан пайдаланган деген айыптоо боюнча ага 3 миллион сом айып пул салынган. Бул жолу шаардык соттун коллегиясы райондук соттун өкүмүн кайра күчөтүп, айып пул өлчөмүн эки эсе жогорулаткан чечим кабыл алды.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров соттун өкүмүндө бир топ укуктук калпыстыктар кеткенин мындайча белгиледи:

- Парламенттин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн ачылышы боюнча депутат Текебаевдин гана көрсөтмөсү эске алынып, жоопко тартканга жарайт экен да, Келдибековдун аракетинде мыйзам бузуу болгон эмес деген пикирдеги депутаттардын көрсөтмөлөрү эч нерсеге жарабайт экен. Мындай өкүм бизди канааттандырбайт. Бул өкүмдү бирөөлөр даярдап келип, аталган соттор аны жөн гана окуп койгондой элес калды. Анткени өкүмдө бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар толтура болду.

Ошентип Бишкек шаардык соту Келдибековду толук актоо боюнча анын адвокаттарынын өтүнүчүн четке кагып, мамлекеттик айыптоонун койгон дооматтарын жарым-жартылай канааттандырды. Башкы прокуратура мурдагы парламент төрагасы Келдибековду жалпысынан 35 миллион сом мамлекетке зыян келтирген деп айыптаган. Келдибековдун жактоочулары Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча Жогорку Сотко даттанарын жарыялады. Мамлекеттик айыптоочу бул тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылып, соттун өкүмүнө комментарий берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG