Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Жалал-Абадда 217 миң жаран медициналык камсыздандырууга ээ эмес


Бул тууралуу Жалал-Абад аймактык Милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунун жетекчиси Тургуналы Нышанов билдирди. Анын айтуусунда, 217 миң камсыздандырылбаган жарандар негизинен жумушсуз жана өздөрү үчүн чакан бизнести иштеткендер. Калктын бул катмарын медициналык камсыздандырууга тартуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер алардын эсебин алып, тактап, камсыздандыруу медициналык полисин алдырып бериши зарыл.

- Камсыздандырылбаган калктын катмарына медициналык жеңилдиктер чектелген. Эгерде адам өмүрү коркунучта болуп, токтоосуз медициналык жардам көрсөтүлүшү керек болсо, шашылыш түрдөгү медициналык "Тез жардам" стационардык же амбулатордук деңгээлде болобу, толук кандуу медициналык камсыздандыруу статусуна карабай, акысыз жардам берилет, - дейт Нышанов.

Жалпысынан Жалал-Абадда медициналык камсыздандырылбаган калктын саны 22 пайызды түзөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG