Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Улуттук Олимпиада комитети бүгүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жаңы автобус берди. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Азия Олимпиадалык кеңешинин чечими менен өткөн жылы эки автоунаа сатып алуу үчүн 150 миң доллар акча бөлүнгөн. 45 орундуу 100 миң долларлык автобус Кыргызстан Футбол федерациясына берилген. Экинчи автобус 25 орундуу, 50 миң долларга бааланган.

Жаңы унаанын ачкычын тапшыруу аземи Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. УОКтун башкы катчысы Канатбек Аманкулов автобустун ачкычын ыйгарып жатып агенттикке спорт жаатында жеңиштерди каалады.

Агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, автобус спорттун Олимп оюндарынын түрлөрү боюнча дирекциясына берилет. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG