Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Москва Лесиндин өлүмү боюнча расмий маалымат күтүүдө


Учурунда президент Владимир Путиндин жан-жөкөрлөрүнүн бири саналган Лесиндин сөөгү былтыр ноябрда Вашингтондо табылган эле.
Учурунда президент Владимир Путиндин жан-жөкөрлөрүнүн бири саналган Лесиндин сөөгү былтыр ноябрда Вашингтондо табылган эле.

Кремль АКШдан Орусиянын мурдагы маалымат министри Михаил Лесиндин өлүмүнүн себептери боюнча "толук расмий маалымат" күтүп жатканын бүгүн президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, азырынча расмий маалымат болбогондуктан бул тууралуу маалымат каражаттары жарыялаган жана эч ким жооп бербеген маалыматтар топтому жөнүндө гана сөз жүрүүдө.

Вашингтондо жайгашкан соттук-медициналык экспертиза башкармалыгы 10-мартта жарыялаган билдирүүдө Лесиндин өлүмүнө башы, мойну, денесине келтирилген туюк жаракат себепкер болгону, иликтөө уланып жатканы айтылган. Лесин ФБРга жардам берүүнү көздөп жүргөн учурда өлтүрүлгөн деген маалыматтар да бар.

Учурунда президент Владимир Путиндин жан-жөкөрлөрүнүн бири саналган Лесиндин сөөгү былтыр ноябрда Вашингтондо табылган эле. Мурда Орусиянын медиа тармагын жетектеген Михаил Лесин өз кезегинде англис тилинде чыгуучу Russia Today телеканалын түптөөгө да чоң салым кошкон.

XS
SM
MD
LG