Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Франция соту Аблязовду күрөөгө бошотуу өтүнүчүн четке какты


Аблязов 2013-жылдын июлунан бери француз абагында кармалууда.
Аблязов 2013-жылдын июлунан бери француз абагында кармалууда.

Франция соту казак оппозициялык саясатчысы жана мурдагы банкир Муктар Аблязовду күрөөгө бошотуу боюнча адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Аблязов 2013-жылдын июлунан бери француз абагында кармалууда. Былтыр Франция аны Орусияга өткөрүп берүүгө макул болгон, бирок маселе толук чечиле элек. Адвокаттар экстрадиция маселеси чечилгенче аны күрөөгө бошото туруу өтүнүчү менен кайрылган эле.

Буга чейин Орусия жана Украина бийликтери расмий Парижге кайрылып, аны өткөрүп берүүнү суранышкан. Бул эки өлкө ага каржылык көз боемочулуктарды жүргүзгөн деген айып таккан. Казакстанда болсо Аблязов БТА банктан алты миллиард доллар уурдаган деп шектелүүдө.

Муктар Аблязов өзү бул айыптардын баарын четке кагуу менен аларды жасалма жана саясий негизде деп эсептейт. Ал мындай айып тагылышын казак президенти Нурсултан Назарбаевдин режимин ачык сындап келгени менен байланыштырат.

XS
SM
MD
LG