Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Тажик-ооган чек арасындагы атышта бир аткезчи окко учту


Өткөн түнү Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы атышуудан бир аткезчи окко учуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу Тажикстандын чек ара кызматынан кабарлашты. Атыш Хамадони чек ара бөлүгүнүн аймагында болгон.

Ооганстандын Тохар аймагынан чыккан 6-7 кишиден турган топ Тажикстанга өтүүгө аракет жасаганда чек арачылар алардан токтоону жана курал-жарактарын таштоону талап кылган. Бирок алар баш ийбей, ок ата баштаган. Качан гана алардын бири окко учканда топтун калган мүчөлөрү артка чегинген. Окуя болгон жерден 50 килограмм маңзат жана бир Калашников автоматы табылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG