Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Европарламент казак бийлигине талап койду


Европа парламенти Казакстанда сөз эркиндиги начарлап баратканын белгилеп, бийликтен журналисттерди ооздуктабоону суранды.

Европа парламентинин казак жергесиндеги сөз эркиндигине арналган резолюциясы 10-мартта кабыл алынды. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарында иштегендерге көзөмөлдү күчөтүүнү токтотуу чакырыгы жазылган.

“Европа парламенти эркин жана сын көз караштагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана блогерлерге карата уланып жаткан көзөмөлдү, казак расмийлеринин саясий негиздеги айыптоолордон пайдалануусун, узак мөөнөттүү абак менен коркутуп, жасалма моюнга алдырууларды кескин сындайт. Европа парламенти Сейитказы Матаев, Гузел Байдалинова, Серикжан Мамбеталин жана башкаларга карата колдонулган саясий көө жабууларды, өкүм жана санкцияларды алып салууга чакырат”, - деп белгиленет резолюцияда.

Европа депутаттары казакстандык аткаминерлерге кайрылуусунда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн оор жазаларды колдонбошу керектиги да эскертилет.

“Европарламент казак расмийлерин Европа биримдиги, Бириккен улуттар уюму жана Европа коопсуздук келишими уюму тарабынан сунушталган кеңештерди тез арада карап чыгып, бул жаатта реформаларды баштоого, журналисттерди айыптоо үчүн колдонулуп жаткан беренелерди Кылмыш кодексинен алып салууга чакырат” - деп жазылат документте.

Мындан тышкары, журналисттер менен байланышкан соттук отурумдар ачык өтүүгө тийиш экени айтылат. Бул үчүн сот системасы өзгөртүлүшү керектиги да белгиленген.

Маалыматтарга караганда, бул резолюция казак бийлигинен сырткары, Европа Биримдиги кеңешине, Еврокомиссияга, Биримдиктин вице-президентине, тышкы иштер жана коопсуздук боюнча өкүлүнө, биримдикке мүчө болгон өкмөттөргө жана парламенттерге, Европа коопсуздук келишими уюмунун ассамблеясына да жөнөтүлөт.

Президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы басма сөз катчысы, Казакстандын Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейитказы Матаев бюджеттен акча кымырып алган жана салык төлөгөн эмес деген айыптоолор менен 24-февралда камалган. 3-март күнкү апелляциялык сот адвокаттардын Матаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган эмес. Ал апрелдин соңуна чейин, тергөө бүтмөйүнчө темир тор артында калмай болду.

Жарандык активисттер Серикжан Мамбеталин менен Ермек Наримбаев Фейсбуктагы баракчаларына башка киши жазган текстти жайгаштырганы үчүн быйыл январда эки жана үч жылга соттолушкан.

Жалган маалымат таратты деп айыпталып жаткан Nakanune.kz сайтынын редактору Гузел Байдалинова болсо былтыр декабрда Алматыда камалган.

Аты аталган журналист жана блогерлер өздөрүнө коюлган айыптоолорду моюнга алышпайт. Кесиптештери болсо аларга коюлган күнөөлөр ойлоп табылганы, саясий өңүттө экенин белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG