Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Өзбекстан туризмди өнүктүрүү үчүн 50 мейманкана курат


Самарканд облусундагы имам Исмаил ал-Бухарий мечити.

Самарканд облусундагы имам Исмаил ал-Бухарий мечити.

Өзбекстанда 2020-жылга чейин 50 жаңы мейманкана, 30 кемпинг жана 20 пансионат куруу мерчемделүүдө. Жергиликтүү агенттиктердин жазышынча, кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү үчүн айыл жерлеринде да туристтер үчүн жакшы шарттарды түзүү каралып жатат. Бул үчүн элет жерлеринде да жүз кемпинг куруп, аларда коноктор үчүн заманбап шарттарды жаратуу белгиленген.

Өзбекстанга жыл сайын сырттан 2 миллионго жакын турист келет. Алардын көпчүлүгү Орусиядан (22,4%), дагы бир бөлүгү Түштүк Корея (8,2%) жана Европа өлкөлөрүнөн (7-8%), калгандары дагы башка мамлекеттерден келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG