Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги ишембиликтин жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып, мамлекеттеги акыркы кадрдык өзгөрүүлөр туура деген пикирин билдирди. Атамбаев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жаңы башчысы Улан Исраиловдин дарегине бир катар сын-пикирлер айтылганы менен ал тажрыйбалуу, ишенимдүү жана уурдабаган адис экенин кошумчалады. Ал эми Эсеп палатасын 2012-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келаткан Элмира Ибраимованын кызматтан чегинишинде эч кандай саясат жоктугун, ал өз каалоосу менен ордун бошотуп бергенин маалымдады.

Бул аптада Кыргызстанда бир катар кадрдык алмашуулар болгон.11-мартта экономика министринин эки орун басары өзү жазган арыздын негизинде иштен кетип, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна жаңы жетекчи дайындалды. Эсеп палатасынын жетекчиси Элмира Ибраимова кызматын тапшырса, 10-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен Улан Исраилов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчилигине келди. (NT/UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG