Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Бишкекте университеттердин жармаңкеси өтүүдө


Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда өтүп жаткан жармаңкеде абитуриенттер менен ата-энелерге кесип тандоо жана окуу жайлар тууралуу маалымат берилүүдө. Ошондой эле келечектеги студенттер жаштар уюмдарынын иштери менен таанышып жатышат. Муну менен өлкөдө жигердүү жаштарды тарбиялоо максат кылынган.

Жармаңкенин жүрүшүндө 11-класстын окуучулары Big Brothers Big Sisters программасына жазылса болот. Анын алкагында быйылкы жылдын апрелинен августка чейин студенттерден акысыз кеп-кеңештерди алышат. Университеттердин жармаңкеси быйыл экинчи жолу уюштурулду. (NT)

XS
SM
MD
LG