Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Футбол боюнча топ-лига оюндары 11-мартта башталды. Кыргызстандын футбол лигасынын расмий сайтында жарыялангандай, бул күнү Нарындын "Ала-Тоо" клубу Бишкектеги футбол борборунун оюн талаасында "Кара-Балта" клубун 4:1 эсебинде утту. Экинчи беттеште Оштун "Алай" клубу Кант шаарында "Абдыш-Ата" клубу менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңди.

2016-жылдагы чемпиондук наам үчүн жети клуб ат салышат. Алар "Ала-Тоо" (Нарын), "Алай" (Ош), "Абдыш-Ата" (Кант), "Кара-Балта" (Кара-Балта), "Алга" (Бишкек), "Алдиер" (Куршаб) жана "Дордой" (Бишкек) клубдары.

Быйылкы Топ-лиганын оюндарын КТРК-Спорт телеканалы чагылдырып турат. (Ech)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG