Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Орусияда абактагы укук коргоочу Сергей Мохнаткин сабалды 


Сергей Мохнаткин.
Сергей Мохнаткин.

Архангел облусундагы №4 колонияда укук коргоочу Сергей Мохнаткин сабалганын "Каспаров.ру"сайты коомдук жактоочу Владимир Степановго таянуу менен кабарлады. Маалыматка караганда, укук коргоочунун омурткаларына доо кеткен. Бирок аны медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө уруксат берилбей жатат.

Мохнаткин марттын башында аталган колониядан Котластагы тергөө абагына которулушуна каршы чыгып, алты кызматкердин катуу ур-тепкисине алынган. Өзүн сабагандардын арасында колониянын башчысы бар экенин да билдирген.

9-марттагы соттук териштирүүдө Мохнаткин араң бутуна турса да, сот анын саламаттыгын текшерүү өтүнүчүн четке каккан. Ал 2013-жылы бийликтин элдик жыйындарды өткөрүүгө тыюу салганына каршы акцияларга катышкандан кийин кармалган. Бийлик өкүлүнө күч колдонгон деген айып менен төрт жарым жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG