Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Косово президентинин кеңсесине кол салгандар изделүүдө


Косово президенти отурган имарат кол салуудан кийин.
Косово президенти отурган имарат кол салуудан кийин.

Косовонун бийлиги билдиргендей, беткап кийген адамдар Приштинанын борборунда жайгашкан кеңсенин терезелерин талкалап, президенттин иш бөлмөсүнө “Молотов коктейлин” ыргытып кетишкен. Имаратта эч ким жок болгон. Ишембинин таңындагы окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Өкмөт бул көрүнүштү “өлкөдөгү конституциялык түзүлүш менен туруктуулукка кооптуу аракет” катары баалады.

Полиция кол салгандардын тек-жайын тактоо аракетин улантууда.

Евробиримдиктин көмөгү аркылуу Сербия менен жергиликтүү сербдерге көбүрөөк укук берүү тууралуу келишим түзүлгөндөн бери Косоводо саясий кризис орун алууда. Оппозиция бийликтин мындай кадамын сындап келет.

Косоводо президент Атифете Яхьяганын бийликтеги мөөнөтү аяктоодо. Кийинки айда жаңы шайланган Хашим Тачи кызматына киришет.

XS
SM
MD
LG