Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Баткенде таза сууну ашар жолу менен чыгарышууда


Баткен райондук борборунан 45 чакырымдай алыс турган тоо арасындагы Газ айылынын тургундары тоо боорун казып таза суу тартуу үчүн ашар уюштурушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл тургундары билдиришти. Аталган айылда таза суу маселеси негизги көйгөй болуп, көптөн бери эл жана мал–жан бир сайдан суу ичип келүүдө.

Газ айылынын тургундары таза суу тартуу үчүн мындан 10 жылдай мурда акча чогултуп, банкка 500 миң сомдой каражат сактап коюшкан. Таза суу чыгаруу үчүн эми ошол каражатты жумшамак болушууда.

Айылга таза суу тартуу боюнча тиешеүү тараптарга кайрылуудан натыйжа болбой келген. Баткен райондук акимчилигинен болсо быйылкы жылы өкмөттөн 5 млн сом каржат бөлүнгөнүн, аталган айылды таза суу менен камсыздоо үчүн долбоор түзүлүп жатканын билдиришти. (JsA)

XS
SM
MD
LG