Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Асанов: Оппозиция эртең Жалал-Абадда митинг өткөрөт


Бектур Асанов
Бектур Асанов

14-мартта Жалал-Абад шаарында буга чейин пландалган нааразылык акциясы өтө турганын Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, азыр аны өткөрүүгө ар кандай тоскоолдуктар болууда.

“Кимдир бирөөлөр машинелер менен бизди аңдып жүрөт. Жер-жерлердеги лидерлерибизге да коркутуулар болуп жатыптыр. Ага карабай эртең Барпы театрынын алдында нааразылык акциясын өткөрөбүз”, - деди Асанов.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов оппозицияга бут тосуулар болуп жатат деген маалыматты четке какты. Ал эртеңки митингге уруксат берүү тууралуу арыз келгенин, бирок Барпы театры №2 мектепке жакын жайгашкандыктан, акцияны ал жерде эмес, шаардын четиндеги фольклор талаасында өткөрүү сунушталганын "Азаттыкка" кабарлады. Анын билдирүүсүндө, оппозиция буга көнбөй, Барпы театрынын алдындагы аянтта жыйын уюштура турганын айтууда. "Эртең абалга укук коргоо органдары көз салат. Бийлик өкүлдөрү да барып, элдин талаптарын угат" деп кошумчалады Авазов.

Бектур Асановдун айтымында, эртеңки жыйында соңку кездери социалдык төлөмдөрдүн баасынын жогорулашына байланыштуу нааразылык айтылып, электр энергиясынын наркын арзандатуу, мамлекеттик камсыздандыруу боюнча мыйзамды жокко чыгаруу, балдарга жөлөк пул берүүдөгү жоболорду жеңилдетүү талаптары коюлат. (NT/RsK)

XS
SM
MD
LG