Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Германиянын үч аймагында шайлоо өттү


Германиянын үч федералдык аймагында ландтагга - жергиликтүү парламенттке шайлоо өттү. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө качкындардын жапырт агымы жана буга байланышкан маселе көңүл чордонунда болду.

Акыркы сурамжылоолор боюнча, оңчул -популисттик "Германия үчүн альтернатив" партиясы бардык аймактарда - Баден-Вюртемберг, Рейнланд-Пфальц жана Саксония-Анхальтта алдыда.

Deutsсhe Welle үналгысы кабарлагандай, канцлер Ангела Меркелдин качкындарды кабыл алууну жактаган позициясынан улам, анын ХДС партиясы көп тарапкерин жоготту. Өткөн жумадагы иликтөөлөр ХДС Баден-Вюртембергде таасирдүү болбой калганын көрсөттү. Башкаруучу ХДС/ХСС блогу 2017-жылда боло турган жалпы элдик шайлоонун алдында сезилерлик жеңилүү ызасын тартышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG