Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Сөөлжан жерди дарылайт


Cөөлжан.
Cөөлжан.

Сөөлжандарды жер семирткич үчүн өстүрүүгө (vermicompost же vermiculture) адистешкен чарбалар АКШда өткөн кылымдын 40-жылдары пайда болгон.

Сөөлжандарды жер семирткич үчүн өстүрүүгө (vermicompost же vermiculture) адистешкен чарбалар АКШда өткөн кылымдын 40-жылдары пайда болгон. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө андай чарбалардын саны жүздөп саналат жана сөөлжан өстүрүү өндүрүштүк негизде жолго коюлган.

Сөөлжандардын Калифорния түрүн кыргызстандык ишкер Нурлан Кадыркулов башында турган “Эко Агро” фирмасы да өстүрөт. Ал бул куртту өстүрүүнүн пайдасы тууралуу “Азаттык” радиосуна айтып берди.

“Азаттык”: Сиз жер семирткич катары пайдаланылган Калифорния сөөлжанын багып өстүрөт экенсиз. Сөөлжандардын ичинен эмне үчүн бул түрүн тандап алдыңыздар?

Нурлан Кадыркулов: Биз буга чейин сөөлжандын башка түрүн багып көрдүк. Бирок Кыргызстан үчүн эң пайдалуусу Калифорния сөөлжаны экен. Себеби алар абдан иштерман болушат, эч жакка качып кетишпейт, түн ичинде да жоголбойт. Бир жерге тамак берип койсоң, аны жеп, көбөйө берет.

Жерди бузуп алдык, башкача айтканда, жерди да баңгиге айланттык. Сөөлжандан жасалган жер семирткичте андай жерди оңдоп кетчү касиет бар. Ал жерди дарылайт.

“Азаттык”: Химиялык жол менен алынган жер семирткичтерден сөөлжандан жасалган жер семирткичи эмнеси менен айырмаланат?

Кадыркулов: Эгерде рейтинг боюнча баа берсек жана жер семирткичтердин кайсынысы эң пайдалуу десек, сөөлжандан жасалган жер семирткичти биринчи орунга койсо болот. Сөөлжандан чыккан жер семирткич сууну өзүнө сактайт жана аны өсүмдүккө гана берет. Бул бир жагы.

Экинчи жагы, биздин (Кыргызстандын) топуракта көп жылдан бери нитраттар, оор металлдар жана башка зыяндуу заттар чогулуп калган. Ошонун баары тең өсүмдүктөргө эле берилбей жерде бекем уюп жатат. Натыйжада жерди бузуп алдык, башкача айтканда, жерди да баңгиге айланттык. Сөөлжандан жасалган жер семирткичте андай жерди оңдоп кетчү касиет бар. Ал жерди дарылайт.

“Азаттык”: Неорганикалык жер семирткичтерди акчасы бар адамдар каалашынча сатып алышат. Сөөлжандан жасалган табигый жер семирткичти дыйкандар (кардарлар) кайдан сатып алса болот?

Кадыркулов: Калифорния сөөлжанын 2014-жылы биз эң көп алып келгенбиз. Бирок аны биз эч кимге сатпадык. Себеби көбөйтүп жаттык. Быйыл дыйкандарды сөөлжанды кантип бакканды жана андан кантип органикалык жер семиркич алса болорун окута да, үйрөтө да баштайбыз. Сөөлжандардын бир жакшы касиети бар: бир да оору аларга жукпайт. Ооруган малдын заңы сөөлжанга түшкөндө, сөөлжан жампаны жейт жана иштеп чыккандан кийин анда бир да оору калбай баары тазаланып калат. Сөөлжандан жасалган жер семирткич 100% илдетсиз, 100% пайдалуу, 100% таза деп айтса болот.

Сөөлжандын башынын ийненин учундай жеринде суюктук бар. Жанагы жандыктар ошол суюктукту алып ичишет. Ал суюктук рак жана башка ооруларды айыктырат экен.

“Азаттык”: Сөөлжан өстүрүү канча айга чейин созулат?

Кадыркулов: Жакшы суроо берип жатасыз. Сөөлжан кичинекей баладай. Муну кышында бир температурада кармап туруу шарт. Кичине эле үшүп калса, өлөт. Бир аз эле ысык болсо, ысыйт. Ошон үчүн бир температураны кармап туруу абзел. Тамагын бергенде да катуу көзөмөл керек. Сөөлжанды багуу күлүк ат таптагандай эле. Ошон үчүн сөөлжан сат же бер деген дос-тааныштарыма "сөөлжанды саткандан мурда, силерге аны кантип бакканды үйрөтөм" деп айтып жатам. Азыр биз сөөлжандарды эч кимге бербейбиз. Келерки жылдан баштап гана бере баштайбыз. Адегенде жетерлик көбөйтүп алалы деп жатабыз.

Жаратылыштын өз мыйзамдары бар. Итпи, атпы, чычканбы, алар ооруп калганда дары издешет жана сөөлжанды жеп, өздөрүн өздөрү айыктырат. Байкасаңыз, ит жерди таарып, бир нерсе казып жейт. Чычкан да ошондой. Себеби сөөлжандын башынын ийненин учундай жеринде суюктук бар. Жанагы жандыктар ошол суюктукту алып ичишет. Ал суюктук рак жана башка ооруларды айыктырат экен.

“Азаттык”: Бир тонна неорганикалык жана сиздердин ишкана чыгарган органикалык жер семирткичтин бир тоннасы канча турат?

Кадыркулов: Бир тонна химиялык жер семирткичтин баасы 250-300 доллар. Биздин жер семирткич (биз анын төрт түрүн чыгарабыз) 100 доллардан 150 долларга чейин. Биз жумушту баштаар алдында мындай талап койгонбуз:

1) Бардык чийки зат (сырье) Кыргызстанда өндүрүлүшү керек жана эч нерсе сырт жактан сатылып келбеши керек;

2) Бул пайдалуу же зыянсыз болушу керек;

3) Сапаты абдан жакшы жана жогору болсун;

4) Арзан болушу керек.

XS
SM
MD
LG