Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Сирия: Оппозиция менен “ан-Нусра” фронту кагылышты


“Ал-Каидага” байланышы бар “ан-Нусра” фронту менен оппозициялык “Эркин Сирия армиясы” кагылышканы кабарланууда.
“Ал-Каидага” байланышы бар “ан-Нусра” фронту менен оппозициялык “Эркин Сирия армиясы” кагылышканы кабарланууда.

Сириянын Идлиб провинциясында “Ал-Каидага” байланышы бар “ан-Нусра” фронту менен оппозициялык “Эркин Сирия армиясы” кагылышканы кабарланууда.

“Ан-Нусра” фронту "Эркин Сирия армиясынын" “13-дивизия” деген бөлүгү менен Мааррет-эн-Нууман шаарында атышышкан. Мурда бул эки топ кызматташып, чогуу салгылашканда провинциянын көп бөлүгү оппозициянын колуна өткөн болчу. “Эркин Сирия армиясы” тобу ок атышууну токтотуу мунасасына кошулган. Ал эми Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр “ан-Нусра” фронтун камтыган эмес. Мурдараак АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри элдешүүдөн кийин Сириядагы зомбулук 80-90% азайганын жана тынчтык келишими жалпысынан аткарылып жатканын белгилеген.

Орусия - АКШ кызматташуусунун натыйжасында ишке ашкан Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу 27-февралда күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG