Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Сот реформасы боюнча кеңеш жыйын курат


Бүгүн “Aла-Арча" мамлекеттик резиденциясында сот реформасы боюнча кеңеш кезектеги жыйынга чогула турганы күтүлүүдө. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” кабарлагандай, жыйынга президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов баштаган бийлик өкүлдөрү, депутаттар, эксперттер катышат. Анда Кыргызстандагы сот тармагындагы реформанын жүрүшү жана тиешелүү мыйзам долбоорлору каралмакчы.

Өлкөдө бул багыттагы реформадан майнап чыкпай жатат, деген сын-пикирлер айтылып келет. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бийликтин кийлигишүүсүнөн жана соттордун күнкарамалыгынан бул жааттагы аракеттердин акыбети кайтпай жатканын "Азаттыкка" билдирди:

- Президент сот тандоо боюнча жакшы иштер жүрүп жатканын айтып жатат. Судьялардын курамы 30 пайызга жаңыртылды, аны четке кагууга болбойт. Бирок алар натыйжалуу иштейби деген суроо туулат. Азыр сотторго ишеним көрсөткөндөр жокко эсе. Реформаны сот тандоо кеңешинен баштоо керек. Анткени, анын курамы туура эмес түзүлүп калган.

Соттор кеңеши 2012-жылы негизделген. Ага президент өзү төрагалык кылат. (NT)

XS
SM
MD
LG