Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Сотторду тандоо сынагынын талаптары өзгөрөт


Сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү Чынара Мусабекованын билдиришинче, жумушчу топ бир нече өзгөртүүлөрдү сунуштоодо. Ага ылайык, талапкерлерге беш жылдык стажы болсун деген талап жоюлат. Талапкердин толук юридикалык билими болушу шарт, кыска убакытта алынган диплом жарабайт. Мындан тышкары кылмыш иши козголгон киши сотко талапкер боло албайт.

Сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизилип, ага мүчөлөрдү ушундай эле талап менен кабыл алуу сунушталууда.

Бүгүн “Aла-Арча" мамлекеттик резиденциясында сот реформасы боюнча кеңеш кезектеги жыйынга чогулду. Жыйынга президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов баштаган бийлик өкүлдөрү, депутаттар, эксперттер катышууда.

Жыйынга президент Алмазбек Атамбаевдин катыша тургандыгы мурда кабарланганы менен ал катышкан жок. (AzK/ZKo)

XS
SM
MD
LG