Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Анкарадагы кыргыз диаспорасы: Жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жок


Түркиядагы жарылуу. 13-март
Түркиядагы жарылуу. 13-март

Бул туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын Анкарадагы жамаатынын өкүлү Адилет Адишов билдирди. Алар Анкарада иштеген, окуган кыргыз жарандарынын дээрлик бардыгы менен кечээки түндөн бери байланышып чыгышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар, жарылууну жакындан көргөн-билгендер жок. Анкарада расмий эмес маалыматтарга караганда, 500гө жакын студент жана 3000ге жакын кыргыз ишкерлери бар.

Ушул тапта дагы тактоо иштери улантылууда.

Жекшембинин кечинде Түркиянын баш калаасы Анкарадагы жардыруу кеминде 34 кишинин өмүрүн алды. Жарадарлардын саны 125ке жеткени кабарланууда. ТRT-World TV каналы тараткан маалыматка ылайык, жардыруу бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан Гувенпарк районунда болгон.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Бир ай мурда Анкарада уюштурулган теракттан 29 киши набыт кеткен. Анда жоопкерчиликти күрт согушкерлери өздөрүнө алышкан. (AzK/AiA)

XS
SM
MD
LG