Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Жалал-Абадда оппозициянын митинги башталды


Аймактык кабарчыбыздын маалыматында митингге 50дөн ашык киши келди. Чогулгандардын алдына шаардын мурдагы мэри Максат Жээнбеков чыгып сүйлөдү. Ал жерде Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асанов да бар.

Оппозициянын Жалал-Абад шаарындагы митинги Барпы атындагы драма театрынын алдында өтүүдө.

Акцияда социалдык төлөмдөрдүн баасын мурдагы калыбында калтыруу, электр энергиясынын наркын арзандатуу, мамлекеттик камсыздандыруу боюнча мыйзамды жокко чыгаруу, балдарга жөлөк пул берүүдөгү жоболорду жеңилдетүү талаптары айтылары кабарланган. (AzK)

Жалал-Абаддагы оппозициянын митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

XS
SM
MD
LG