Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Түркияда дрондорду кыргыз бүркүтү аркылуу кармоо сунушталды


Кыргыз мүнүшкөрү бүркүтү менен.
Кыргыз мүнүшкөрү бүркүтү менен.

Бул туурасындагы маалымат www.cnnturk.com сайтында жарык көрдү. Анда Түркиянын мамлекеттик аба майдандар башкармалыгынын башчысы Сердар Хүсейин Йылдырым соңку кездери пилотсуз дрондордун көбөйүшү учактардын учуусуна коркунуч жаратып жатканын айтып, аларды кармоодо кадимки эле бүркүттөрдү пайдалануу идеясын сунуштоодо. Ал мындай бүркүттөрдү Кыргызстанда алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирүүдө.
Азырынча бул сунуш боюнча конкретүү программа жок, бирок идея катары сунушталып жатат. (AzK/UEz)

XS
SM
MD
LG