Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Бишкекте акча алмаштыруу жайына кол салышты


ИИМдин билдиришинче, кол салуу Ош базарындагы акча алмаштыруу жайында катталды. Окуяда бир күзөт кызматкери октон жарат алып, ооруканага жаткырылды. Кол салгандар акчаны алып кетүүгө үлгүрбөй калышкан.

Бүгүн эртең менен кассир менен эки күзөт кызматкери акча алмаштыруу жайына кирип баратканда куралданган белгисиз үч киши кол салган.

Ушул тапта кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделип жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG