Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Президент УКМК Антикоррупциялык кызматынын жаңы директорунун планын укту


Атамбаев журналисттер алдында Улан Исраиловду таза иштей турган кадр катары сыпаттады.

Атамбаев журналисттер алдында Улан Исраиловду таза иштей турган кадр катары сыпаттады.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды. Ал коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча жаңы жетекчинин иш планын угуп, бул жаатта ишти жакшыртуу зарылдыгын билдирди.

Өткөн аптада УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси Бөкөнбай Казаков кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улан Исраилов дайындалган. Ушуну менен Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси үчүнчү жолу алмашты. 2011-жылдын аягында бул кызматка Бектен Сыдыгалиев, 2014-жылы Бөкөнбай Казаков келген.

Жаңы дайындалган Исраиловдун Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп келгени жана анын УКМКнын иши менен тааныш эместиги коомчулукта талкуу жараткан. Бирок президент аны таза иштеген кадр катары сыпаттап, ишенгени үчүн Коррупцияга каршы кызматтын башына койгонун билдирген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG