Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Анкара: Теракт курмандыктары 37ге жетти


Анкарадагы жардыруудан кийин.
Анкарадагы жардыруудан кийин.

Анкарадагы теракттын курмандыктары 37 кишиге жеткенин Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Мехмет Муэззиноглу билдирди.

Ошондой эле кол салгандардын бирөө набыт болгону кабарланууда. Жаракат алгандар 125ке жетти. Анын 19у оор абалда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган акыркы жылдардагы аймактагы туруксуздуктун айынан Түркия террордук чабуулдун бутасына айланганын, коопсуздук күчтөрүнө алы жетпей калган террордук уюмдар карапайым адамдарга кол салып жатканын билдирди.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Сүйөркуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар деген сөздөр ырасталган жок.

Жардыруу кечээ, 13-мартта Кызылай аянтынын Гүвенпарк багында болгон. Аялдаманын жанындагы автобуска жакын жерде жанкечти-террорчунун унаасы жарылган.

Гүвенпарк өкмөттүк мекемелер, бир катар министрликтердин имараттарына жакын жерде.

Азырынча аны эч бир террордук уюм мойнуна ала элек. Ошентсе да, түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу тергөөдө кол салгандар боюнча конкреттүү маалымат бар экенин билдирди.

Жардырууну Түркиядагы маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда чагылдырууга тыюу салынды. (AzK/MTo)

XS
SM
MD
LG