Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Кадыровдун маалымат катчысы Яшинге кылмыш ишин козгоону өтүндү


ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Илья Яшин 23-февралда Кадыровго байланыштуу баяндамасын жарыялаган.

ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Илья Яшин 23-февралда Кадыровго байланыштуу баяндамасын жарыялаган.

Чечен республикасынын башчысынын маалымат катчысы Альви Каримов оппозициячы Илья Яшинге кылмыш ишин козгоону өтүнүп, Орусиянын Башкы прокуратурасы менен Тергөө комитетине кайрылды.

Каримов буга оппозициячынын чечен лидери Рамзан Кадыров тууралуу баяндамасын негиз кылып, андагы айтылгандарды жалган доомат, келекелөө, улуттук жана диний араздашууга алып барчу чагымчылдык деп баалаган.

Анын айтымында, чечен лидери менен федералдык күч түзүмдөрүнүн ортосунда эч кандай душмандашуу жок, Яшиндин баяндамасындагы мындай бышыктоо чындыкка жатпайт.

ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Илья Яшин 23-февралда Кадыровго байланыштуу баяндамасын жарыялаган.

65 барактан турган баяндамада Рамзан Кадыров “чечен халифатын” орноткону, “байлык-мансапка чиренгени”, жеке армиясын түзүп, ал ар кандай кылмыштарга барып жатканы белгиленген. Яшин чечен лидерин кызматтан кетүүгө үндөгөн.

Андан аз өтпөй эле Кадыров кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген. Ал НТВ телеканалына маек берип, “менин убактым өттү” деп айтып, командасында мураскор болчу адистер жетиштүү экенин кошумчалаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG