Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Польша Смоленск кырсыгына Орусия жооп бериши керектигин эскертти


Польшанын коргоо министри Антоний Мацеревич.

Польшанын коргоо министри Антоний Мацеревич.

Польшанын коргоо министри Антоний Мацеревич Смоленскидеги авиакырсыкты кайрадан эске салып, аны жоопкерчилигин Москвага жүктөлө турган башка иштерге теңеди. Мисал катары Орусиянын Донбасстагы ролун келтирди.

Кырсыкты террордук акты деп атаган министр бирок, ага Орусиянын түздөн-түз катыштыгы бар деген жок.

2010-жылдын 10-апрелинде Смоленскидеги авиакырсыкта Польшанын президенти Лех Качинский баштап бараткан делегация, экипаж мүчөлөрү – жалпысынан 96 кишинин баары мерт болгон.

Алар сталиндик буйруктун негизинде поляктардын массалык өлтүрүлүшүнүн 70 жылдыгын эскерүү үчүн Орусияга бараткан.

Февралдын башында Польшанын коргоо министри Смоленск кырсыгын иликтөөнү жандантууну буйруган. Өзөгүн “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы түзгөн поляк өкмөтү “Орусиянын жоопкерчилигин” көрсөткөн негизги фактыларды мурунку иликтөө жашырган деп эсептеп келет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG