Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Орусияда мигранттарга жасалма документ жасаган топ кармалды


Татарстан менен Оренбург облусунда чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз миграциялык карта жасоо менен шугулданган топ кармалды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, аны Орусия ФСБнын мурдагы аймактык кызматкери, майор Евгений Шурышев жетектеген.

LifeNews агенттигинин билдиришинче, Шурышев мигранттардын паспортуна мөөр басууну бизнеске айландырган. Ал ишке алгач Өзбекстан жараны Шохиста Уринбаеваны тартып, кийинчерээк кылмыштуу топтун курамы жана иш аймагы кеңейген.

Чет өлкөлүктөргө Орусияда жүрүүгө уруксат берген паспорттогу мөөр 4,5 миң, ал эми иш патенти 20 миң рубль турган. Алынган акчаны ар ким жасаган ишине жараша бөлүп алып турган.

Буга байланыштуу “Мыйзамсыз миграция уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ал эми качып кетүүгө үлгүргөн топтун мүчөсү Шохиста Уринбаева изделүүдө.

XS
SM
MD
LG