Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Украина: президент премьер-министрликке талапкерлерди атады


Украина президенти Петр Порошенко өкмөт башчынын ордуна каржы министри Наталья Яресько менен Львовдун мэри, “Самопомощь” партиясынын лидери Андрей Садовыйды татыктуу деп эсептейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Святослав Цеголко Фейсбуктагы барагына жазды.

“Бүгүн президент фракция лидерлери менен жолугушуу өткөрөт. Максаты - саясий кризистен тезирээк чыгуу. Жаңы өкмөттү кураш үчүн жаңы коалиция керек экени баарына түшүнүктүү. Анын башкы критерийлери Европага ыктаган курсту кармап, реформаларды тездетүү болушу керек”, деп жазат маалымат катчы.

Эки вариантка баа берген Цеголко Яресько келсе “технократтык”, Садовый келсе “саясий” өкмөт болорун белгилеген. Мындан тышкары парламент да талапкер сунуштай аларын кошумчалаган.

10-мартта азыркы премьер-министр Арсений Яценюк президентти же аны колдоого, же жаңы өкмөт куроого чакырган. “Петр Порошенконун блогу” аттуу коалиция өкмөттүн демилгелеринин 60 пайызын колдобой койгонун айткан Яценюк муну “далыга урулган сокку” деп баалаган.

Февралда Жогорку Рада өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча резолюцияны кабыл ала албай койгон. Ага карабастан Порошенко өкмөт парламенттик коалициянын колдоосунан толук ажыраганын билдирген. Аны менен бирге парламентти эч болбогондо гана таратарын, бирок андай жагдайга чейин түшүүгө болбосун айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG