Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Чүй облустук соту кылмышка шектүү Азатбек Алымкуловдун абактан качуусуна жол берген эки милиция кызматкерин марттын этегине чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. Оор кылмыштар боюнча айыпталган Нарын облусунун тургуну Азатбек Алымкулов 27-февралда качып кетип, шериктери менен май куюучу жайдан жарым миллиондон ашык сомду карактоого үлгүргөн. Алымкулов эки жумадан кийин Бишкекте кармалды.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, күзөтчүлөр №1 Тергөө абагынан Аламүдүн райондук сотуна жеткирилген кылмышка шектүүнү кызматынан кыянат пайдалануу менен башка жакка алып барышып, үй-бүлөсү менен көрүштүрүп, андан кийин чогуу саунада эс алышкан. Тартип коргоочулар мас болуп калганда, шектүү качып кеткен. Айыпталуучу менен бирге сайран курган кызматкерлерди райондук сот бир айга камакка алган. Алардын актоочулары буга макул болбой, жогорку инстанцияга кайрылган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG