Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Ошто адамды урган милиция кызматкерлери боюнча иш сотко өттү


Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, 2016-жылдын 11-февралында ИИМдин “Шумкар” атайы полкунун үчүнчү батальонунун кызматкери жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул-көзөмөл кызматынын кинологу “Киргизия” кинотеатрынын жанынан бейтааныш кишини уруп, ден соолугуна залал келтиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталып жаткан эки укук коргоо кызматкери кызматынан четтетилген. Аларга карата Кылмыш кодексинин “Ээнбаштык” жана “Ден соолугуна атайылап зыян келтирүү” беренелери боюнча иш козголгон. Кылмыш иши Ош шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлдү.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG