Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Шаардагы үй-бүлө тибиндеги “Ак-Бермет” балдар үйүнө 10 күн мурда алынып келинген Жумагүл аттуу 3 жашар кыздын апасы изделүүдө. Бул тууралуу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Нышанбаева “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, Жумагүлдү 6 ай мурда апасы бейтааныш адамга таштап кетип, убактылуу карап туруусун өтүнгөн. Бирок апасы келбеген соң убактылуу карап турган аял аны балдар үйүнө тапшырган. Учурда укук коргоо оpгандары анын апасын издеп, наристеге документ даярдап жатканын Нышанбаева ырастады.

Жумагүлдүн апасы Кара-Көл шаарынын тургуну экендиги айтылат. Эгер ал табылса сот аркылуу энелик укугунан ажыратылып, бала асырап алуучуларга берилет.

Өткөн жылы шаар аймагында 6 наристе көчөгө ташталып, алардын экөө ооруканада чарчап калган. 4 наристе соттун чечими менен багуучуларга берилген. (RsK)

XS
SM
MD
LG