Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Нарында милиция кызматкерлери сабады деген факт аныкталган жок


Облустук прокуратуранын прокурору Өмүрбек Аблабековдун билдиришинче, ушул жылдын алгачкы эки айында облустук прокуратурага ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайында, тергөө учурунда милиция кызматкерлери сабады деп 3 арыз даттануу түшкөн. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы менен арызда көрсөтүлгөн дооматтар аныкталбагандыктан, кылмыш иш козгоодон баш тартуу чечимдери кабыл алынган.

Аблабековдун айтуусунда, арыздангандар убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына которулгандан кийин даттанышат. Алар мунун себебин милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүргөндө билдире албастыгы менен түшүндүрүшөт. Ушундай эле арыз менен 2015-жылы жети киши кайрылса, 2014-жылы 14 киши арыз жазган. Бирок булардын бирине да кылмыш иши козголгон эмес. (MiK)

XS
SM
MD
LG