Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Кыязов: НТСтен кетейин деген планым жок болчу


Эрнис Кыязов
Эрнис Кыязов

Журналист Эрнис Кыязов НТС телеканалынан кеткен себебин саясат менен байланыштырууда. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Айтымында, иштен кетүү планы жок болчу.

- Жумуштан кеткенде колдон келбей калып, ички эрежени бузуп же саясий себеп менен кетүү мүмкүн. Программамда көбүнчө социалдык жана саясий маселелер көтөрүлчү. Мен саясий себеп деп эле түшүндүм.

Кыязов былтыр күздөн тарта НТС телеканалында “Ар тарап” деген талкууну алып барчу.

13-мартта ал Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине бир нече суроо таштап, кайрылуу жолдогон.

Кыязов 14-мартта иштен алынганын жарыялады.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Кыязов жеке каналдын кабарчысы болгондуктан ага президенттик аппараттын кандайдыр бир тиешеси болушу да мүмкүн эместигин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG