Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Кыргыз илимдер aкадемиясынан кабарлашкандай Ысык-Көл облусунда табылган мамонттун калдыктарын изилдей турган топко геология жана тарых, маданий мурас институтунун адистери кирди. Анын курамы дагы кеңейиши мүмкүн.

Ушул тапта өкмөткө экспедицияны каржылоо үчүн акча каражатын бөлүү боюнча сунуш жөнөтүлдү.

Мамонттун калдыктары 10-март күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Отрадное айыл өкмөтүнүн аймагында Жыргалаң суусуна жакын жерде табылган. Азыр бул аймак укук коргоо кызматкерлеринин кайтаруусунда. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG