Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Акмуздук үй-бүлөгө банктык эсеп ачылды


Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы көп балалуу Айнура Эсеналиева тууралуу “Азаттык” тарткан видеосюжеттен кийин бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар көбөйдү. Эми каалоочулар акчалай жардамын ЗАО “ДЕМИР КЫРГЫЗ ИНТЕРНЭШНЛ БАНК-Нарын” БИК: 118010 SWIFT: DEMIKG22 Эсептик счет: KGS 1180000072717874 USD 1180000072717975 EUR 1180000072718076 RUB 1180000072721615 Эсеналиева деген эсепке которо алышат.

Айнура Эсеналиеванын 6 баласы бар. Алардын биринин көзү начар көрөт, экинчиси жакшы баса албайт. Ал эми 2-класста окуган кызынын тили так чыга элек. Балдардын улуусу 6-класста окуса, кичүүсү алты айлык. Айнуранын жолдошу Байжан буга чейин жол тейлөө ишканасында иштеп жүрүп кырсыктап, кийин башына кан уюп калган. Ошондон бери 2-топтогу майып. Алар жашаган үй өкмөткө караштуу болгондуктан жазында бошотуп бергиле деп эскертилген. Учурда жашоосу тартыш үй-бүлө эми кайда барып баш калкалоону билбей убайым тартууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG