Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Орусия коргоо министрлигинин маалымат кызматы Сириядагы Хмеймим авиабазасынан учактардын алгачкы тобу учуп чыкканын билдирди. Мунун алдында аталган базада учактар алыскы сапарга даярдала баштаганы айтылып жаткан. Президент Путин кечээ 15-марттан тарта Орусиянын Сириядагы күчтөрүнүн негизги бөлүгүн чыгара баштоону буйруган. Путин аскерлер алдына коюлган милдетти негизинен аткарып бүткөнүн айтып, орус аскерлеринин чыгарылышы Сирия чатагын саясий жол менен чечүүгө өбөлгө түзөрүнө үмүт арткан.

Сирияда Орусиянын элүүдөн ашуун истребители менен тик учактары, аларды жерден коргоочу система, бир канча аскерий кеңешчилер жана сириялык аскерлер менен иштешкен атайын топтору жайгашкан.

Орусия аба соккулары коштогон Сириядагы аскерий операциясын былтыр 30-сентябрда баштаган. Москва аба соккулары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна багытталганын айтса, Сирия оппозициясы менен Батыш өлкөлөрү Орусия президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан козголоңчуларды бутага алып жатканын бир канча жолу билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG