Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

2015-жылы жашы жете элек 177 кыз боюнан алдырган


Ошто аялдар укугун коргоого арналган иш- чаралардын бири.

Ошто аялдар укугун коргоого арналган иш- чаралардын бири.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин Ошто өткөн көчмө жыйыны учурунда аталган комитет төрагасы Садык Шер-Нияз саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Депутаттын айтуусунда, 15-17 жаштагы селкилер арасында боюнан бошонгондордун саны жыл сайын өсүүдө. Бойдон алдырган ар бир 13 аялдын бири жашы жете элек кыздар болуп саналат.

Өткөн жылы 1064 жашы жете элек кыздар төрөп коюшкан. Коммерциялык эмес уюм өкүлдөрүнүн пикиринде, жашыруун бойдон алдырган фактылар мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG