Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Бакуда оппозициялык активист абакка кесилди


Баку соту бүгүн Азербайжан Элдик фронту партиясынын төрагасынын кеңешчиси Мамед Ибрагимди үч жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Оппозициялык активист былтыр сентябрда ээнбаштык үчүн айыпталып камалган эле. Мамед Ибрагим тагылган айыпты тааныбастыгын, өзүнө каршы иш саясий негизде козголгонун айтууда. Анын адвокаты Ялчин Иманов сот чечимине каршы даттанарын билдирди.

Соттолгон активисттин уулу, аталган партиянын жаштар комитетинин мүчөсү Туран Ибрагим да быйыл жыл башында коомдук тартипти бузду, полицияга баш ийбей койду, деген айып менен жети суткага камалып чыккан. Ал да бул сот чечимин саясий себептер менен байланыштырып, аны үй-бүлөсүнө карата бийликтин кысымы катары баалады.

XS
SM
MD
LG