Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Кыргыз балбандары Олимп оюндарына лицензия алууга Астанага барышат


Астана шаарында өтө турган Азия чөлкөмүндөгү балбандар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймашта 2016-жылкы Олимп оюндарына 36 жолдомо ойнотулат. Турнир 18-20-мартта өтөт. Ушул тапта Кыргызстандын курама командасы машыгып жатышат.

Азырынча Кыргызстандын капчыгында Рио-де-Жанейро шаарында боло турган Олимп оюндарына 4 жолдомо бар. Алар Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Карабицкая (жеңил атлетика) жана Арсен Эралиевге (грек-рим күрөшү) таандык.

Кыргыз паралимпиадачылары Калиев Эсен менен Орозбаев Жыргал дагы пауэрлифтинг боюнча лицензияларды жеңип алышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG