Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Дагестанда тыюу салынган диний топтун мүчөлөрү кармалды


Орусиянын Дагестан республикасында өлкөдө тыюу салынган ислам тобуна мүчөлүккө шектелген 14 киши кармалды. Жергиликтүү бийликтер алар "Нуржулар" тобуна тиешеси бардыгы шектелип жатканын билдирди. Кармалгандардын арасында бул топтун Орусиядагы бутагынын башчысы делген Зиавдин Далаев да бар.

Орусиянын бир катар аймактарында, анын ичинде ири шаарлар Москва менен Санкт-Петербургда 2013-жылдан бери бул топтун мүчөсү делген бир канча киши кармалган. "Нуржулар" Түркияда 1960-жылы каза тапкан ислам аалымы Саид Нурси тарабынан негизделген.

Орусия бул топко 2008-жылы тыюу салган. Орус бийликтери топ Орусияда өлкөдөгү түрк тилдүү аймактардын башы кошкон исламдык мамлекет түзүүнү көздөгөн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG