Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Улуттук банк дагы доллар сатып алды


Улуттук банк март айында бешинчи ирет долларды сатып алуу боюнча интервенция жасады. Башкы банк соңку валюта рыногундагы абалды оптималдаштыруу үчүн 14-мартта 2 миллион 150 миң доллар сатып алды. Жалпысынан март ичи Улуттук банк 22 миллион 650 миң доллар интервенциялаган.

Буга чейин 2016-жылдын январь айында 17 жолу валюталык интервенция жасалып, 64 миллион 350 миң доллар сатылган. Бул чара түшүп жаткан сомдун кунун кармоо үчүн жасалган эле. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG