Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Сириядан чыккан учактардын алгачкы тобу Орусияга жетти


Сириядан кайтып бараткан орус аскердик учактар

Сириядан кайтып бараткан орус аскердик учактар

Орусиянын космостук аба күчтөрүнүн башкы командачысы Виктор Бондарев Сириядан келген учактардын алгачкы тобун тосуп алууда террордук топторду аягына чейин талкалоодо Сирия армиясынын, коалициянын жана оппозициянын күчү жетиштүү экенин айтты.

Бирок мунун алдында Орусия коргоо министринин орун басары Николай Панков террорчуларга каршы аба соккулары улана берерин билдирген эле.

Президент Путин кечээ 15-марттан тарта Орусиянын Сириядагы күчтөрүнүн негизги бөлүгүн чыгара баштоону буйруган. Путин аскерлер алдына коюлган милдетти негизинен аткарып бүткөнүн айтып, орус аскерлеринин чыгарылышы Сирия чатагын саясий жол менен чечүүгө өбөлгө түзөрүнө үмүт арткан.

Сирияда Орусиянын элүүдөн ашуун истребители менен тик учактары, аларды жерден коргоочу система, бир канча аскерий кеңешчилер жана сириялык аскерлер менен иштешкен атайын топтору жайгашкан.

Орусия аба соккулары коштогон Сириядагы аскерий операциясын былтыр 30-сентябрда баштаган. Москва аба соккулары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна багытталганын айтса, Сирия оппозициясы менен Батыш өлкөлөрү Орусия президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан козголоңчуларды бутага алып жатканын бир канча жолу билдирген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG