Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Брюсселде полицияга каршы ок атылды


Белгия баш калаасында Париждеги террордук чабуулдарды уюштурууга шектелгендерди издөө учурунда полицияга ок атылды. Бул тууралуу белгиялык прокурорлор Франс Пресс агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери Париждеги теракттын башкы уюштуруучусу деп шектелип жаткан Салах Абдесаламды издөө учурунда ок атууга кабылган. Belga агенттиги атышуудан бир полициячы жеңил жаракат алганын жазып чыкты.

Былтыр октябрдын ортосунда Брюсселде Франция баш калаасындагы террордук чабуулга шектелип 11 киши кармалган. Бул террордук чабуулду уюштурууга шектелген Салах Абдесалам менен анын шериги Мухаммед Абрини дале эркиндикте.

Парижде былтыр ноябрдагы террордук чабуул 130 адамдын өмүрүн алып кеткен.

XS
SM
MD
LG