Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Ат-Башыдагы жардамга муктаж үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо тапшырмасы берилди


Байжан Эсеналиевдин үй-бүлөсү баш калкалаган там.

Байжан Эсеналиевдин үй-бүлөсү баш калкалаган там.

Премьер-министр Темир Сариев тиешелүү жардам көрсөтүүнү өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, облус башчысына оор турмушту баштан кечирип жаткан үй-бүлөнү ыңгайлуу турак-жай менен камсыздоо жана материалдык көмөк көрсөтүү тапшырмасы коюлду.

- Өкмөттүн резервдик фондунан да каражат бөлүү маселеси каралууда, - деди Назира Ахмедова.

Буга чейин Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жашаган алты балалуу Байжан Эсеналиевдин үй-бүлөсүнүн кейиштүү абалын “Азаттык” чагылдырган. Алар жергиликтүү жол башкармалыгына таандык үйдө убактылуу жашап жатышат. Ал үй да жараксыз абалга келип, үй-бүлө ээси II топтогу майып болсо, балдарынын бири баса албай, дагы биринин көзү начар экени, кызынын сүйлөй албай калганы кабарланган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG