Бул туурасында парламент жыйынында УКМКнын төрага орун басары Рустам Мамасадыков билдирди.
Ал 2014-жылы 85 кылмыш иши козголгонун, бирок муну менен диний экстрeмизм фактылары азайды деп айтуу мүмкүн эместигин билдирди. Мамасадыков көрсөткүчтөрдүн азаюусун профилактикалык иштердин жанданышына байланыштырды.
Парламент бүгүн Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат. Анда экстремизмге байланыштуу иликтөө иштерин УКМК менен ИИМ жүргүзөрү каралган. (AzK)