Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Баткенде "Бир дүйнө-Кыргызстан" фестивалынын тасмалары көрсөтүлдү


Баткен өрүкзары.
Баткен өрүкзары.

Баткен шаарында "Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылы тарабынан уюштурулган адам укуктарына арналган даректүү тасмалар көрсөтүлүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоочулар менен жаш активисттер жана студенттер катышты.

Анда “Азаттыктын” кабарчылары Улан Эгизбаевдин "Кыял", Санжар Эралиевдин "Өгөйлөнгөн келиндер" тасмалары көрсөтүлдү. Ошондой эле "Бир дүйнө-Кыргызстан-2016" адам укуктарына арналган даректүү тасмалар 10-эл аралык фестивалына катышууну каалаган жаштардын арасында талкуу өттү.

Адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын 9-эл аралык фестивалы 2015-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында өтүп, ага 22 тасма катышкан. Андагы негизги чыгармалар учурда өлкөнүн бардык аймактарында көрсөтүлүп жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG