Пакистандын эл жыш жайгашкан Пешавар шаарындагы жардыруу кеминде 15 кишинин өмүрүн кыйды. Бийликтин 16-марттагы билдирүүсүнө ылайык, мамлекеттик уюмдарда иштегендерди ташыган автобуска коюлган бомба жарылган.
Саперлор жардыргыч зат 4 килограммга жакын экенин, колдо жасалып, алыстан туруп башкарууга ылайыкталгандыгын аныкташты. Ал унаанын газ баллонунун жанына коюлган.
Жергиликтүү полициянын ага кызматкери Аббас Мажид Марват кабарлагандай, мамлекеттик кызматкерлерди ташыган автобус Мардан шаарынан келаткан.